04.10.2018 08:30

Афганистанда АКШнын аскерий учагы атып түшүрүлдү

Афганистанда АКШнын аскерий учагы атып түшүрүлдү

Афганистандын чыгышында кечээ, 3-октябрда америкалык аскерий-транспорттук C-130J Super Hercules учагы кулады. Самолеттун кыйроосунан 11 адам каза тапты, деп билдирет CBS News телеканалы.

«Геркулес» Желалабаддагы аэродромдо түн ортосунан өтүп кулаган. Кырсыктан 11 адам каза тапты, алардын алтоо экипаж мүчөлөрү - америкалык аскер кызматкерлери болгон. Ал эми, беш адам НАТОнун Афганистандагы кызматкерлери болгон. 

«Талибан» кыймылы АКШнын Аскер аба күчтөрүнүн транспорттук самолетун атып түшүрүү боюнча жоопкерчиликти өзүнө алды.  Америкалык аскер жетекчилиги исламисттердин билдирүүсүн тастыктай элек, болгону кырсыктын себептерин иликтөө жүрүп жатканын билдирди.