13.09.2018 09:00

Афганистандын чыгышында жардыруудан каза тапкандардын саны 68 адамга жетти

Афганистандын чыгышында жардыруудан каза тапкандардын саны 68 адамга жетти

Афганистандын чыгышында өткөн каршылык акциясы учурунда болгон теракттан каза тапкандардын саны 68 адамга жетти. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги билдирди.  

Нангархар провинциясынын губернаторунун маалымат катчысы Аттахулла Хогианинин айтымында, 68 адамдан сырткары дагы 165 адам жаракат алды. Алардын кеминде сегизи - оор абалда ооруканада. Бардык каза тапкандар жана жаракат алгандар -жай тургундар. 

Маалыматка караганда, кол салуу мурда күнү Мохманд Дара районунда болгон. Ал жерде жергиликтүү полиция аткаминеринин кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг өтүп жаткан.  

Күбөлөрдүн айтымында, акцияга жүздөгөн жергиликтүү тургун чогулган. Катуу жардыруудан улам, жабыркагандардын көпчүлүгү ооруканага бараткан жолдо каза тапты. Теракт үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.