28.09.2018 09:00

Африкада пил турист аялды тебелеп өлтүрдү

Африкада пил турист аялды тебелеп өлтүрдү

Африкада пил аны сүрөткө тартууга аракет кылган турист аялды тебелеп өлтүрдү. Бул тууралуу Daily Mail. жазып чыкты. 

Кырсык Зимбабвенин түндүгүндөгү Mana Pools коругунда турист аял унаадан түшкөн маалда болгон. 

«Биздин маалымат боюнча, жер көрүп жүргөндөр парктан пилдердин үйүрүнө жолугуп, аларды сүрөткө тартып башташкан. Жаныбарларды эмне ачуулантып, эмне себептен аялга кол салганы белгисиз», -деп билдирген Зимбаббве Улуттук парктарынын жана Жапайы жаратылышты коргоо башкармалыгынын өкүлү Тинаше Фараво.

Турист алган жаракаттарынан көз жумду.