04.06.2019 10:40

Аида Салянова шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Аида Салянова шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова камакка алынды. Бул туурасында ИИМ басма сөз кызматынан бүгүн, 4-июнда билдиришти.  

Маалыматка караганда, Салянова Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында 3-июнь күнү суракка алынган. Ошол эле күнү КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

«Соттук өндүрүш боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат», -дешет мекемеден.  

Эскерте кетсек, А. Батукаевге жалган диагноз коюп, абактан бошотуп жиберишкен деген кине менен буга чейин Кыргыз илимий гематология борборунун  Э. Макимбетов, И.Цопова, мурунку саламаттыкты сактоо министри Д. Сагинбаева, ЖАМКтын медициналык жумушчусу А.Ф. , ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалган.  Кийинчерээк саламаттык сактоо министри С.Д. үй камагына чыгарылган.  Шектүүлөр коррупцияга катыштыгына, документтерди жасалмалоого катышууга жана кызматтык жасалмачылыкка шектелишүүдө.

Кылмыш ишинин алкагында мурдагы ички иштер министри, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев дагы сурак берген. 2019-жылдын 21-май күнү, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын экс вице-премьер-министри Шамиль Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ш. Атаханов кармалып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ошондой эле, кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында органдарда жана жаза аткаруу тутумунун мекемесинде мыйзамдарды аткаруу үчүн экс атайын прокурор М.А. кармалып, ага карата сыртка чыкпоо түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.