12.06.2018 09:48

Ак-Буура суусуна аккан 5 жаштагы кыз өзүнө келбей каза тапты

Ак-Буура суусуна аккан 5 жаштагы кыз өзүнө келбей каза тапты

Ак-Буура суусуна аккан 5 жаштагы кыз өзүнө келбей каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык 11-июнда  саат 14:15 чамасында болгон. Анда Ишматов көчөсүндө Ак-Буура каналына 5 жаштагы кыз агып кеткени тууралуу ӨКМдин куткаруучуларына билдирүү түшкөн. Алар баргыча жергиликтүү тургундар кызды куткарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бирок, ал өзүнө келбей ооруканада каза тапканы айтылат.