24.04.2020 10:50

Бишкекте 2 жашар наристе 8-кабаттан кулап, аман калган жок

Бишкекте 2 жашар наристе 8-кабаттан кулап, аман калган жок

Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 2 жаштагы кыз кулап түшүп, каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-апрелде кечки саат 18:30 чамасында милиция бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Анда укук коргоо органдарынын кызматкерлери белгисиз жагдайларда 2018-жылы туулган Ж.А. аттуу кыз турак үйдүн 8-кабатынын балконунан кулап түшкөндүгүн аныкташкан. Тез жардам кызматы келип, наристенин ошол жерде каза болгонун тастыкташкан.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.