02.05.2018 11:00

"Ак-Бууранын" жээгиндеги жер тилкелер жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлгөн

"Ак-Бууранын" жээгиндеги жер тилкелер  жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлгөн

Ош шаарынын прокуратурасы Ош шаарынын мэриясына жана Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын кызматтык адамдарына кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши «Ак-Буура» дайрасынын сууну коргоочу зонасындагы жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке жана ижарага берүү фактысы менен ачылды. Бул туурасында башкы прокуратурадан билдиришти.

Көзөмөл органы текшерүү учурунда, 2017-жылы Ош шаарынын мэриясынын токтому менен дайранын жээгиндеги 1300 чарчы метр жер  жеке жакка  менчикке өткөрүлүп берилгенин жана 1900 чарчы метр тилке ижарага берилгенин аныктаган.  

Ал эми, Ош шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын кызматтык адамдары  муниципалитеттин жогоруда белгиленген чечимине ылайык,  мыйзамсыз түрдө мамлекеттик актыларды беришкен.

Аталган факт боюнча, Ош шаарынын көзөмөл органы тарабынан Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык мамлекеттик каттоо  башкармалыгынын кызматтык адамдарына карата  304 (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) , 305 (“Кызматтык  ыйгарым укуктарын жогорулатуу”) жана 305-2 (“КР жер мыйзамдарын бузуу”) ал эми, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматтык адамдарына карата 304-берене жана 315 (“кызматтык жасалмачылык”) беренелери менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иши андан ары иликтөө жүргүзүү үчүн тиешелүү органга өткөрүлүп берилди.