15.01.2019 14:23

Сапар Исаковго ачылган кылмыш иштин кыскача таржымалы

Сапар Исаковго ачылган кылмыш иштин кыскача таржымалы

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков тергөө иши бүткөн соң абактан чыгарылышы керек, дейт жактоочусу Нурбек Токтакунов. Айтымында, Исаковдун дипломатиялык паспорту жана башка документтери тергөөчүлөрдө экендигин жана аны бир дагы чек ара өтмөгү өткөрбөстүгүн билдирди.

Бирок мындай жүйөөлөрдү Бишкек шаардык соту эске албастан Сапар Исаковду убактылуу кармоочу жайда 13-февральга чейин кармамай болду.