22.04.2020 16:17

Жактоочу: Токтоткула! Сапар Исаков мамлекеттик сырды билет

Жактоочу: Токтоткула! Сапар Исаков мамлекеттик сырды билет

Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов, анын коргоочусун № 1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которгону жатышканын билдирди. Муну менен катар, Биринчи май райондук сотунда мурдагы премьердин ишин кароо улантылууда.

Анын айтымында, бийлик Исаковду эртең, 23-апрелде колонияга которгону жатат. Белгилей кетсек, бул тууралуу юристке эч ким расмий маалымат бербей жатканын, мурдараак жактоочу өзү «Апрелге» өздүк булактарына таянып  билдирген. Ал эми №1 тергөө абагынан да редакцияга маалымат жашыруун экенин кабарлашты.

«Бийликке кайрылам, токтоткула. Менин кабарым жалган экендигин жарыялап, мени фейк атагыла, аны  УКМКнын тергөө абагына кайтарып бергиле. Мурунку премьер-министр мамлекеттик сырдын ээси экендигин эсиңерден чыгарбагыла», - деди Нурбек Токтакунов.

Акыркы маалыматтарга ылайык, жактоочунун жазганы, Бишкектин №1 тергөө абагынын комиссиясы бөлүштүргөнү боюнча:

Сапар Исаковду Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына;

Жантөрө Сатыбалдиевди Бишкектеги №47 колонияга;

Салайдин Авазовду №27 колонияга.

ЖЭБти модернизациялоо боюнча иштеги калган соттолуучулар боюнча маалымат белгисиз.

« Бүгүнкү комиссиянын күн тартибинде аларды таратуу болгон жок.  Алардын айрымдары үчөөнү  тең № 27 колонияга жиберүү керектигин билдиришкен, бирок комиссиянын чечими алдын-ала даярдалган»,- деди Токтакунов.

Буга чейин, 3-апрелде Кыргызстандын мурдагы премьер-министри  Сапар Исаковду  зарылчылык жаралбаса деле Бишкектин №1 тергөө абагына которушкан.

Эске салсак, Сапар Исаковду 15 жылга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. Ошондой эле Сапар Исаков эки кылмыш иши боюнча -ат майдандын курулушу жана тарых музейди оңдоо иштери боюнча өтүп жатканын жактоочусу эскертти. Ошондуктан, аны Бишкектин №1 тергөө абагына которуу зарыл эмес болчу дейт юрист.  

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев да 15 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга түрмөгө кесилген.