Чукул кабар! Сапар Исаковду Петровкадагы колониядан кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына которушту
![Чукул кабар! Сапар Исаковду Петровкадагы колониядан кайра Бишкектеги №1 тергөө абагына которушту](/uploads/images/articles/20200512_isakov.jpg)
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаковду Петровкадагы №8 колониядан кайра №1 тергөө абагына которушту. Мындай чечимди бүгүн, 12-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган. Бул тууралуу КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook баракчасында билдирди .
«Пандемия шартында жана ал жакта (Бишкектеги №1 тергөө абагында) коронавирус болушу мүмкүн деген акыркы билдирүүлөргө байланыштуу- бийликтин бул аракеттери кооптуу», - деп жазган Жолдубаева.
Эске салсак, кече күнү УКМК 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев өзүн жаман сезип жатканын жана жанында бир камерада чогу жаткан 13 айыпталуучуда оорунун белгилери байкалып жатканын билдирген. Ошондой эле Бишкектин № 1 тергөө абагында иштеген бир кызматкерден коронавирус аныкталганы тастыкталган болчу.
![Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады](/uploads/images/articles/20210830_20210830_10414458_794648083915.jpg)
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: