05.05.2020 15:41

Сапар Исаков жаза өтөгөн абактын көрүнүшү кандай? (сүрөт)

Сапар Исаков жаза өтөгөн абактын көрүнүшү кандай? (сүрөт)

2020-жылдын апрелинин башында Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаковду Бишкектеги №1 тергөө абагына которушкан. Министрлер кабинетинин мурдагы башчысы күчөтүлгөн тартипте түзөтүү колониясында жаза өтөө менен 15 жылга эркинен ажыратылган.

Анын жактоочусу Нурбек Токтакунов Сапар Исаков дагы эки иши -ат майдандын курулушу жана тарых музейди оңдоо боюнча айыпталуучу катары өтүп жатканын эскертти.  Ошондуктан, аны Бишкектеги №1 тергөө абагына которуунун кажети жок болчу дейт юрист.

Андан соң Сапар Исаковду жашыруун № 1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которгонун Токтакунов билдирген эле. Расмий булактар маалымат жашыруун экенин кабарлап,  маалымат берүүдөн баш тартышкан. Бир сутка өткөндөн кийин мурдагы премьер-министр түзөтүү колониясына которулганын жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктаган.  

Бүгүн Акиpress сайты журналисттер белгилегендей, Сапар Исаков кармалып турган колония жөнүндө маалымат жана сүрөттөрдү жарыялады. Азырынча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалымат боюнча түшүндүрмө бере элек, басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун 2019-жылдагы отчетуна ылайык, аталган мекеме 1969-жылы курулган. Абакка эң көп дегенде 1 миң адамга ылайыкталган.  Мекеменин аймагында бир кабаттуу турак-жай, эки кабаттуу беш турак үй жана бир үч кабаттуу имарат бар.

Абакта кыска мөөнөттүү жолугушуулар үчүн бир бөлмө жана узак убакытка жолугушуу үчүн сегиз бөлмө бар. Бөлмөлөрдө ашкана, даараткана, жуунучу жай, сыналгы жана кондиционер бар.

Мындан тышкары №8 абакта чач тарач, мончо жана кир жуучу жай жайгашкан.

Мекемеде кесиптик окуу жай дагы бар. Ал жерден шыбакчы, электр ширетүүчү, электр адистиги жана башкалар боюнча билим алышат.