Боронов: Жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкеринде COVID-19 инфекциясы аныкталды

Боронов: Жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкеринде COVID-19 инфекциясы аныкталды

Өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкеринде коронавирус инфекциясы аныкталганын билдирди.

«Жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкеринде COVID-19 инфекциясы аныкталып, алар ооруканага жаткырылды. Өздүк курамдын иш планын соттолгондор менен байланышты азайткыдай түрдө иштеп чыгуу керек. Муну менен бирге коронавирус инфекциясына кабылгандар менен байланышкандарды аныктоо иштери уланууда», - деди Боронов.

Белгилей кетсек, ЖАМК өз кызматкерлери илдетке чалдыкканы тууралуу маалыматты төгүндөгөн. №1 тергөө абагынын жана №27 колониянын төрт кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирген.

«Төрт кызматкерден COVID-19 инфекциясы аныкталды. Алар учурда Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Абалдары жакшы. Алар менен байланышта болгон бардык адамдар лабораториялык иликтөөдөн өткөрүлүп жатат, абал көзөмөлдө», - деди министрдин орун басары.