22.04.2020 13:40

Сапара Исаковду колонияга которгону жатышабы?

Сапара Исаковду колонияга которгону жатышабы?

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаковду жашыруун колонияга которгону жатышат. Бул тууралуу мурдагы министрлер кабинетинин жетекчисинин жактоочусу Нурбек Токтакуновго өздүк булактар билдирген.

Анын айтымында, бийлик Сапар Исаковдун тагдыры тууралуу маалыматты жашырып жатат.

«Бизде азыр Исаковдун кайда экендиги тууралуу расмий маалымат жок. Ал тургай анын тергөө абагында отургандыгы же жоктугу тууралуу да айтпай жатышат. Биз мамлекеттик органдагы өздүк булактардын маалыматына таянганга аргасыз болуп жатабыз. Биз соттон расмий соттук талап берүүнү өтүнгөнбүз. Алар : «Биз силерге чалабыз жана оозеки билдиребиз» деген бизге, -деди Токтакунов.

Токтакунов белгилегендей, сот катчысы жактоочуга Исаков тергөө абагында калтырылаарын билдирген.

 

«Мага карама каршы келген маалымат түшүп жатат. Башка булактардан мага аны жашыруун башка жакка которгону жатканы тууралуу маалымат келип жатат. Бүгүн эртең менен комиссия чогулуп, кайсыл жерге которулаары тууралуу чечим кабыл алынат», -деди жактоочу.

Ал эми СИЗО-1ден  Сапар Исаков тууралуу эч кандай маалымат бере албай турганын «Апрелге» билдиришти. Маалымат жашыруун экенин белгилешет.