16.05.2020 16:29

ЖАМК мекеме кызматкерлерине коронавирус жукканы тууралуу маалыматты төгүндөдү

ЖАМК мекеме кызматкерлерине коронавирус жукканы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери арасында коронавирус инфекциясын жуктуруп алган учур катталган эмес. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Алардын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө СИЗО-1, Бишкектеги №47 мекемесинин, Степное айылындагы №2, Новопокровка айылындагы №3, Молдовановка айылындагы №27 абагынын кызматкерлери текшерилди.

Мекеме кызматкерлер үчүн госпиталь жана поликлиниканын 18 медицина кызматкерин текшерген. Жалпы 543 кызматкерден анализ алынды. Жыйынтыктарынан инфекция табылган эмес.

«Эгер кызматкерлер арасында сасык тумоонун белгилери байкалса же дене табы көтөрүлсө коронавируска текшерүү үчүн поликлиникага жөнөтүлүп, ПЦР-анализ тапшырышат. Андан соң үй карантинге жөнөтүлөт», - деп билдирди жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан.

 

Эске салсак, Бишкектин №1 тергөө абагынын кеңседе иштеген кызматкеринен коронавирус аныкталган. Бүгүн маалымат каражаттарында дагы эки адам - СИЗО-1 кызматкери менен №27 колониянын кызматкери COVID-19 инфекциясын жуктуруп алганы тууралуу маалымат чыкты. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бул маалыматты төгүндөп, кызматкер менен байланышта болгондор медкөзөмөлгө алынган. СИЗО-1дин аймагына инфекция кирген эмес. Анткени ал кеңседе отуруп иштеген кызматкер болгон. Анын үй-бүлөсү жана байланышта болгон жарандарда илдет табылган жок экенин билдирди.