16.03.2020 14:18

Акчасын төлөй албай, таксисттин унаасын айдай качкан кыз кармалды

Акчасын төлөй албай, таксисттин унаасын айдай качкан кыз кармалды

Бишкекте 23-жаштагы айым «Мазда» үлгүсүндөгү унааны уурдап айдап качып кеткен. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 27-февралда болгон. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына таксинин айдоочусу арыз менен кайрылып, белгисиз аял Ахунбаев-Тыныстанов кесилишине жеткиргенден кийин жол акысын төлөөдөн баш тартканын билдирген.

Айдоочу милицияга кайрылуу үчүн машинеден чыкканда, аял “Мазданы” айдап кетип калган. Унаа жакында эле “Ак-Өргө” конушунда табылды.

Ал эми аны айдап кеткен аял СИЗОго 2 айга камакка алынды.