Акын жана журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салды. 1-майда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет
![Акын жана журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салды. 1-майда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет](/uploads/images/articles/20200430_azhimatov.jpg)
Акын Зайырбек Ажыматов 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүн жакындары тастыкташты. Зайырбек Ажыматовдун кан басымы түшүп кетип, ооруканадан көз жумганы айтылат. Артында эки уул, эки кызы калды.
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
"Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору.
Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Азыркы тапта "Азаттык" үналгысында иштеп жүргөн.
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган. Зайырбек Ажыматов 1-майда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилери маалымдалат.
![Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады](/uploads/images/articles/20210830_20210830_10414458_794648083915.jpg)
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: