16.01.2020 13:48

Дагы бир журналист Аскер прокуратурасына сурак берди. Бул ирет chyndyk.kg сайтынын редактору

Дагы бир журналист Аскер прокуратурасына сурак берди. Бул ирет chyndyk.kg сайтынын редактору

chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков 16-январда Аскер прокуратурасында 1,5 саат сурак берип чыкты.

Бул тууралуу Бейшенбеков «Азаттыкка»  билдирген. Ал сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкатка кол коюп бергенин айтып, кайсы иш боюнча суралганын ачык айткан жок. Бирок сурак анын журналисттик ишине байланыштуу болгонун кошумчалады.

Анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова да Бейшенбеков кайсы иш боюнча суракка алынганын жана кимдир-бирөөлөрдүн аты-жөнүн айта албай турганын билдирди. Бирок иштин айрым жагдайлары боюнча комментарий берди.

"Мамлекеттик жогорку жетекчилерге байланыштуу иш боюнча сурак берди. Ошонун негизинде журналисттик кесибине тиешелүү маалыматтарды сурап жатышат. Бул маалымат көптөн бери эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылып келаткан. Ушул боюнча тастыктоо иштери жүрүп жатыптыр", - деди Токтакунова.

Эске салсак, күн мурун, 15-январда Аскер прокуратурасына дагы бир журналист сурак берип чыккан. «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан асановдун иши боюнча күбө катары сурак берген.