30.04.2020 09:00

Акын жана журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салды. 1-майда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет

Акын жана журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салды. 1-майда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет

Акын Зайырбек Ажыматов 43 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүн жакындары тастыкташты. Зайырбек Ажыматовдун кан басымы түшүп кетип, ооруканадан көз жумганы айтылат. Артында эки уул, эки кызы калды.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

"Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Азыркы тапта "Азаттык" үналгысында иштеп жүргөн.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган. Зайырбек Ажыматов 1-майда "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилери маалымдалат.