«Ак-Кула» ат майданында улуттук ат-спорт оюндары өтүүдө
Калаада Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесине арналган улуттук ат-спорт оюндары өтүп жатат. Бул туурасында Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
22-апрель күнү спорттун улуттук түрү көк-бөрү боюнча оюн башталган. Калаанын 140 жылдыгына арналган көк-бөрү боюнча Бишкек чемпионаты спорттун улуттук түрлөрүн жайылтуу максатында уюштурулган.
Таймашка өлкөнүн ар аймагынан келген 12 команда катышууда.
Эскерте кетсек, көк-бөрү боюнча мелдеш 27-апрелге чейин болот. 28-апрель күнү саат 11:00дө «Ак-Кула» ат майданында улуттук ат-спорт оюндарынын жабылуу аземи өтөт.
Салтанатка 300 комузчу катышып, «Маш ботой» күүсүн чертет, ошондой эле, 300 бийчи «Кыргыз бийи», «Жайлоо майрам» жана «Көчмөндөр ыры» аттуу кыргыз бийлерин аткарышат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: