27.06.2018 14:39

Аккумулятор уурдоонун кыныгын алгандар колго түштү

Аккумулятор уурдоонун кыныгын алгандар колго түштү

Бишкек шаарында аккумулятор уурдоого шектелип, 4 жаран колго түштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Милицияга уурдоо фактысы тууралуу арыз түшкөн. Анда  22-июнь күнү белгисиз адамдар  жүк ташуучу унаанын 2 аккумуляторун уурдап кетишкени жазылган. Муну менен жабырлануучуга 18 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси ( уурулук) менен  кылмыш иши козголгон.
Ленин  РИИБынын Криминалдык милиция кызматкерлеринин  ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында, кылмышка шектүү делип 1995-жылкы  М.у.Ж,  1995-жылкы  Б.у.Б,  1998-жылкы  Н.у.Э  жана 1996-жылкы К.у.А аттуу жарандар колго түшүрүлгөн.

Иликтөө  иштеринин журүшүндө  маалым болгондой, кылмышка шектүүлөр мындан тышкары дагы ушундай 10  фактыга тиешеси бар экени аныкталды.  Алар Тергөө изоляторуна 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.  

Тергөө уланууда.