26.02.2019 12:58

Акмат Алагушев: Атамбаевге каршы иште лингвистикалык экспертиза - зарыл нерсе

Акмат Алагушев: Атамбаевге каршы иште лингвистикалык экспертиза - зарыл нерсе

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана «Апрель» телеканалына каршы иш акыйкат каралыш үчүн лингвистикалык экспертиза жүргүзүү зарыл. Бул туурасында Медиа Полиси институтунун жактоочусу Акмат Алагушев соттук отурумдун жүрүшүндө билдирди. 

Анын айтымында, мурунку отурумда доогерлер Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшебаев жана Ахматбек Келдибеков А.Ш. Атамбаевдин «Апрель» телеканалына берген маегине лингвистикалык экспертиза жүргүзүүнү колдошкон, бирок бүгүн ойлорун өзгөртүштү. 

«Биздин өтүнүч боюнча - мындай иштер өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ. Алдыда биздин процесс калыс, бейтарап өтүшү үчүн биз айтылыштарды аныктап алышыбыз керек эле.  Божомолдоп айтылган деген сыяктуу учурлар бар. Доогерлер үчүн маалыматты жеткирүүнүн эң жеткиликтүү куралдарынын бири- бул экспертиза», - деди жактоочу. 

Атамбаевдин жактоочусу мисал катары «кузгун» сөзүн келтирди. Айтымында, бул сөз кандай контекстте айтылганын аныкташ керек.  

«Суроо түрүндө берилген учурларды дагы эске алыш керек. Андыктан, эксперттин жардамы бул жакта зарыл нерсе», - дешти жактоочулар.