04.10.2019 15:47

АКШ элчиси Дональд Лу Бишкекти желимден тазалоо демилгесине кошулууга чакырат

АКШ элчиси Дональд Лу Бишкекти желимден тазалоо демилгесине кошулууга чакырат

АКШнын Кыргызстандагы элчиси башка кесиптештерин жана шаар тургундарын #Plasticfreeme #cleanBishkek челленджине кошулууга чакырат. Мындай кайрылууну Дональд Лу элчиликтин Инстаграмдагы расмий баракчасында жасады. 

Анын айтымына караганда, бул демилге Bishkek International School мектебинин окууучусу Айла Грантка таандык.

«Эми мен Орусиянын элчиси Николай Удовиченкону, Кытайдын элчисин Ду Дэвэньди, Түркия элчисин Женгиз Камил Фыратты, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысын Эдуард Ауэрди жана БУУнун координаторун Озонниа Ожиелону кошулганга чакырам. Бишкек шаарында сейилдеп же чуркап жүргөндө, пластик бөтөлкөлөрдү чогултуп, шаардын ар жерлеринде орнотулган кайра иштетүү үчүн чогултканга арналган чоң темир тардан жасалган бөтөлкөлөргө таштаганыңызды фото же видеого тартып коюңүздар. Чынжырды улантуу үчүн, сүрөттөрүңүздү же видеолоруңузду #plasticfreeme #cleanbishkek хэштег менен чыгарып беш досуңузга жөнөтүңүздөр!», -деп жазат Лу мырза.