03.05.2018 12:29

Иран теракт курмандыктарынын туугандарына компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди

Иран теракт курмандыктарынын  туугандарына компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди

Нью-Йорк  федералдык соту Джордж  Дэниэлс  2001-жылдын 11-сентябрындагы  теракттан каза тапкандардын туугандарынын доо арызын канааттандырып, Иран өкмөтүн миллиард  доллар төлөп берүүгө милдеттендирди.  Бул туурасында ABC телеканалы билдирет.

Сот расмий Тегеранды, Ислам революциясы корпусун жана ирандык Борбордук  банкты Нью-Йорктогу 1008 адамдын өлүмү үчүн жооптуу  деп тапты. Бирок, телеканал билдиргендей, соттун чечими кагаз жузүндө да калышы ыктымал, анткени, «Иран мындай доо арыздарга эч качан жооп берген эмес  жана каза тапкандардын туугандарына акча төлөп бериши күмөндүү».

Сот теракт курмандыктарынын жубайларына - $12,5 млн, ата-энелерине - $8,5 млн, бир туугандарына  $4,25 млн компенсация төлөөнү бекитти.

Доогер тараптын жактоочусу Роберт  Хефеленин айтымында, 2011-жылдын декабрында Нью-Йорктун федералдык соту  Иран теракт үчүн жоопкерчиликти алган “Аль-Каида” террористтик тобуна каржылык көмөк көрсөткөнүн аныктаган.  

Эскерте кетсек, 2001-жылдын 11-сентябрында “Аль-Каиданын” 19 согушкери 4 жүргүнчү лайнерин басып алышып, алардын экөө Дүйнөлүк соода борборунун кош мунарасын сүзгөн.  2,9 миң адам теракттын курмандыгы болгон.