Коронавирус жуктуруп каза тапкан дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом компенсация төлөнөт

Коронавирус жуктуруп каза тапкан дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом компенсация төлөнөт

Коронавирус жуктуруп каза тапкан дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

“Каражат тууралуу кеп кылуу кыйын болуп турат. Бирок айта кетсем, каза тапкан кесиптешибиздин үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү боюнча документтер дайындалып жатат”, — деп билдирди Акматова.

Белгилей кетсек, 1962-ж.т. Көкүмбаева Жүзүмкан Асановна Бишкек шаарындагы №3 ҮМБда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси болгон.

"Жүзүмкан Асановна саламаттыкты сактоо тармагында отуз жылдан ашык эмгектенген, өзүнүн ишин мыкты билген баалуу адис, кадырлуу дарыгер болгон” - коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 207 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 795 кишиге жетти. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 564 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 10 киши илдеттен көз жумду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режимин 10-майга чейин узартуу чечими кабылданган.