08.10.2018 09:44

АКШ Тажикстандын чек арасын бекемдөөгө 8 млн долларлык жардам берди

АКШ Тажикстандын чек арасын бекемдөөгө 8 млн долларлык жардам берди

АКШ Тажикстандын чек арасын бекемдөөгө баасы 8 миллион доллардан ашкан жабдууларды берди. «Азаттыктын» тажик кызматы кабарлагандай, элчилик маңзат ташууга каршы жана терроризм менен күрөшүү максатында көмөк көрсөттү.

Жабдуулар 5-октябрда Душанбедеги аскер бөлүктөрүнүн биринде тапшырылды.

Тажик бийлиги АКШнын техникалык жана аскерий колдоосу чөлкөмдөгү коопсуздукту сактоодо маанилүү роль ойнорун белгилейт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Саймумин Ятимов бул кызматташтык эл аралык терроризмге каршы күрөштө жардам берерин билдирди.

«Тажикстан куралдуу күчтөрүн, анын ичинде чек ара кызматын калыптандыруу жараяны дээрлик аягына чыкты. Биз берилген жабдууларды жана эл аралык ыкмаларды чек арага жакын аймактардын коопсуздугун камсыздоого жумшоого аракет кылабыз», - деди ал.

Ооганстанда «Ислам мамлекети» террордук тобу жана «Талибандын» активдешүүсүнөн улам коңшу Тажикстанда коопсуздук чаралары дайыма көңүл чордонунда турат.

Тажикстан Ооганстандан тышкары Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай менен да чектешет.