11.10.2018 13:02

АКШда борттогу тыйын чычкандын айынан учак 2 саатка кармалды

АКШда борттогу  тыйын чычкандын айынан учак 2 саатка кармалды

АКШда тыйын чычканды учакка ала кирген аялдын айынан жүргүнчүлөрдүн баары кайра чыгарылды. Бул тууралуу The Sun гезити билдирди.

Орландо-Кливленд каттамы менен уча турган учакка улгайып калган аял тыйын чычкан ала кирген. Авиакомпаниянын эрежелерине ылайык, аял жалгыз болбош үчүн жанына үй жаныбарын алып алаарын  көрсөткөн, бирок, бул үй жаныбары тыйын чычкан экенин айткан эмес.

Негизи көп авиакомпаниялар, алардын ичинде Frontier Airlines дагы бортко кемирүүчү жандыктарды алууга уруксат бербейт.

«Frontier каттамдарында тыйын чычкан жана башка кемирүүчүлөрдү ала жүрүүгө тыюу салынат. Жүргүнчү аялга бул тууралуу түшүндүрүп, учактан чыгуусун сурандык», — деп билдирет авиакомпаниянын өкүлү. 

Бирок, бул талапка карабастан, тыйын чычкандын ээси учактан чыгуудан баш тарткан. Мынданулам, бардык жүргүнчүлөргө самолеттон чыгуу сунушталган. Мында да болбой койгон аялды полициянын жардамы менен алып кетүүгө туура келди.  

Бул чатактан улам самолет учуу убактысынан 2 саатка кечиккени айтылат.