17.09.2018 08:30

АКШда «Флоренс» катуу шамалы 11 адамдын өмүрүн алды

АКШда «Флоренс» катуу шамалы  11 адамдын өмүрүн алды

Түндүк Каролинанын Камберленд округунда «Флоренс» катуу шамалынан 11 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Ураган 14-сентябрда АКШнын атлантикалык жээктерине катуу сокку уруп, кайра бат эле күчүн жоготкон. Азыр ал «катуу шамал» макамына ээ болду. Бороондун кооптуулугу бир топ азайды: анын ылдамдыгы 75 чакырым/сааттан  ашпайт. 

Бирок, штормдон улам катуу жаан жаагандыктан, суу каптоо коркунучу дагы деле сакталууда.

Түндүк жана Түштүк Каролинанын 27 миңден ашык тургуну үйлөрүн таштап, коопсуз жерде баш калкалоодо. Жүз миңдеген керектөөчүлөр электр жарыгы жок отурушат.