17.12.2018 17:09

АКШда ичинен адамдын жүрөгү табылган учакты артка кайтарышты

АКШда ичинен адамдын жүрөгү табылган учакты артка кайтарышты

Сиэтл-Даллас каттамы менен учуп бара жаткан самолет бортунан унутулуп калган адамдын жүрөгү табылган үчүн артка кайтууга аргасыз болду, деп билдирет Би-Би-Си.

Southwest Airlines аба компаниясынын айтымында, жүрөк салынган контейнер Калифорниядан Сиэтлге жеткирилип, ал жердеги клиникада жүрөктөн клапан чыгарып алып, башка адамга салышмак.

Бирок, бул контейнерди самолеттон түшүрүп калууну унутуп калышкан жана Далласка багыт алган учак орто жолго жеткенде гана эстешкен.

Экипаждын командири борттон эмне табылганын жана Сиэтлге кайра кайрылуунун себебин жарыя кылганда каттам жүргүнчүлөрү айран таң калышкан.

Алардын айрымдары смартфондорунан көчүрүлө турган органды операцияга чейин канча убакыт сактаса болоору тууралуу маалыматты издеп башташкан- адатта адистердин ою боюнча 4 сааттан  6 саатка чейин жарамдуу.

Жүрөк бар учак абада 3 сааттай болгону айтылат. Каттам Сиэтлге кайтып келер менен контейнер  көчүрүлүүчү органдарды сактоочу атайын борборго жеткирилди. Гезиттин маалыматына караганда, жүрөк кечиккен жок.