23.08.2018 09:00

АКШда кыз апасын сактап калуу үчүн поезддин алдына секирди

АКШда кыз апасын сактап калуу үчүн поезддин алдына секирди

Американын Жоржия штатынын Атланта шаарында кыз апасын сактап калуу үчүн жакындап келаткан поезддин алдына секирди. Бул туурасында The Atlanta Journal-Constitution басылмасы билдирди.

Сью Венсзелл (Sue Wenszell) жана анын кызы Атлантага шаар көрүү үчүн башка штаттан келишкен. Метродон бейтааныш эркек аялды капысынан эле платформадан түртүп жиберген. Аял рельске кулап түшүп, акыл-эсин жоготуп койгон. 

Аялдын 28 жаштагы кызы Венсзелл Кэти апасына жардам берүү үчүн артынан секирген. Поезд жолдон апасын алууга үлгүргөн менен кыз өзү поезд алдында калган. Экөө тең жаракаттарды алып, бирок, тирүү калышты. «Эгер Кэти дароо апасына жардамга келбегенде, Сью азыр биз менен болмок эмес», -деди кыздын атасы Жерри Венсзелл. 

Сью Венсзелл ооруканага «баш мээси чайкалган», «чыканак мууну сынган» деген диагноздор менен жатып, дарыгерлердин жардамынан кийин, үйүнө чыгарылды. Кызынын алган жаракаттары оорураак: баш мээсине суу толгон, бут кетменинин бөлүгү кесилип салынган жана ийин тарамышы үзүлүп кеткен. Кыз оор абалда ооруканада калууда. 

Ал эми турист аялды поезд алдына түртүп жиберген киши кармалып, акыл-эси жайында эмес экени болжолдонууда.