21.10.2019 10:28

АКШда машыктыруучунун мээрими окуучулардын өмүрүн сактап калды

АКШда машыктыруучунун мээрими окуучулардын өмүрүн сактап калды

АКШнын Портленд шаарында машыктыруучу мектепке курал менен келген окуучуну зыянсыздандырды. Бул учур камерага түшүп калган, деп ABC News телеканалына шилтеме менен РИА Новости билдирди.

Бул окуя ушул жылдын май айында болуп өткөн, бирок Малтнома округунун прокуратурасы тасманы өткөн жумада гана ачыктады. Анда машыктыруучу 19 жаштагы Энджела Гранадос-Диасты кучактап калганы, бул учурда арыдан келе калган башка мугалим куралды алып кеткени көрүнөт.

Жерине келген полиция кызматкерлери окуучуну кармап кетишти. Кийин Гранадос-Диас психикалык жактан жабыркай турганы аныкталды. Ал өз күнөөсүн мойнуна алды. Эми өспүрүм 3 жыл бийликтин көзөмөлүндө болот. 

Машыктыруучу Кинен Лоунун аракетин башкалар эрдик катары баалашты. Кинен Лоу өзү ошол учурда окуучуга боору оору сезими менен иш кылганын билдирди. «Жаш кезинде көп учурда эмне кылып жатканыңды жакшы түшүнө бербейсиң», - деди ал.