17.10.2018 09:00

АКШда окуучу кыз өлгөн чоң энесинин күлүнөн таттууларды жасап мектепке алып барды

АКШда окуучу кыз өлгөн чоң энесинин күлүнөн таттууларды жасап мектепке алып барды

Америкада окуучу кыз өлгөн чоң энесинен калган күлдөн таттууларды жасап, классташтарына ооз тийгизген. Бул тууралуу Fox40 билдирди, деп жазат lenta.ru.

Окуя АКШнын Калифорния штатына караштуу Дэвис шаарында жайгашкан мектепте болгон. Бул тууралуу ал мектепте билим алган баланын ата-энеси айтып чыккан. 

«Окуучу кыз мектептегилердин баарына адамдын сөөгү кошулган таттуу алып келгенин айтып чыкты», — деген окуучу. Мектеп жетекчилиги андан бул тууралуу көрсөтмө алып, эч кимге айтпоону суранган. 

Баланын апасы мектеп директорунан документтин көчүрмөсүн көрсөтүүнү талап кылды. Анын айтымында, жетекчиликти биринчи кезекте окуу жайдын кадыр-баркы кабатырлантты. 

Полиция кызматкерлери журналисттерге бул маалыматты тастыктады.