17.05.2018 15:53

АКШда педофил-дарыгерден жабыркаган кыздарга 500 млн. доллар кенемте төлөнмөй болду

АКШда педофил-дарыгерден жабыркаган кыздарга 500 млн. доллар кенемте төлөнмөй  болду

АКШда педофил-дарыгерден жабыркаган кыздарга 500 млн. доллар кенемте төлөнмөй  болду. Гимнаст кыздар компенсация боюнча дарыгердин өзү  жана Мичиган штатынын университети менен келишим түздү. Бул туурасында чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. 

Келишимге  ылайык, дарыгерди ишке алган университет кыздарга жалпысынан 500 миллион доллар төлөп берет. Ларри Нассарды сотко берген аялдар (332 аял) 425 миллион долларды бөлүп алышат, ал эми 75 миллион доллар Нассардан сексуалдык ыдык көргөн башка курмандыктарга берүү үчүн атайын фондго которулат.

Эскерте кетсек, акыркы он жылдан бери америкалык спорт дарыгери Ларри Нассарга байланышкан сот иши эң ири жаңжал болуп калды. Ал Кошмо Штаттардын Спорттук гимнастика боюнча федерациясы менен иштешкен кезде жашы жете элек гимнаст кыздарды жыныстык катнашка барууга мажбурлоо, зордуктоо,  балдар порносун сактоо боюнча күнөөлүү деп табылган. 

Сот жараяны учурунда 144 аял Нассарга каршы көрсөтмө берген, алардын арасында олимпиадалык чемпиондор дагы бар. 

Бул чуулгандуу иштен улам Кошмо Штаттардын Спорттук гимнастика боюнча федерациясынын жетекчилиги биринен сала бири кызматтан кетишкен. Күбөлөр федерация өкүлдөрү гимнаст кыздардан түшкөн арыздарга көңүл бурбай, дарыгердин кылыктарын жаап-жашырганын айтышкан.

Нассар учурунда Кошмо Штаттарда абдан белгилүү дарыгер болгон. Ал Спорттук гимнастика федерациясы менен 1986-жылдан тарта кызматташкан.

1996-жылы мекеменин башкы дарыгери болуп дайындалган. 1996, 2000, 2008 жана 2012-жылдары өткөн Олимп оюндарында АКШнын гимнастика боюнча курамасындагы спортчулардын саламаттыгына кам көргөн.

1997-жылдан тарта Мичиган штатынын университетинде сабак берип, анын алдындагы ооруканада да эмгектенип жүргөн.