07.08.2018 10:00

АКШда селектордук жыйын маалында онлайн-казино ойногон аял ири суммадагы акча утуп алды

АКШда селектордук жыйын маалында онлайн-казино ойногон аял ири суммадагы акча утуп алды

АКШнын Нью-Джерси штатынын тургуну интернет-казино аркылуу ири суммадагы акча утуп алды. Бул туурасында USA Today басылмасы билдирди.

Слот-машинанын онлайн аналогуна 2 доллар акча сайган аял 287 миң 945 доллар утуп алган. Бул Нью-Джерси штатынын интернет-казиносунун тарыхындагы эң ири утуш болуп калды. 

Атын атагысы келбеген аял ушул жылдын январынан тартып, кумар оюндарына берилип баштаган. Ал кумар оюнун жумуш убагында, селектордук жыйын маалында ойногонун жана утуш тууралуу билгенде кыйкырып жибере жаздаганын билдирген.