19.06.2019 11:08

АКШда төрт жашар бала өзүнө конфет алуу үчүн унаа айдап качкан

АКШда  төрт жашар бала өзүнө конфет алуу үчүн унаа  айдап качкан

АКШнын Миннесота штатында 4 жаштагы бала өзүнө конфет алуу үчүн бабасынын (чоң атасынын атасы-ред.) унаасын айдап чыккан. Бул тууралуу Sky News билдирди.

11-июнда таң эрте Себастиан Свенсон (Sebastian Swenson) таттуу жегиси келип кеткен. Ал бабасы өйдө илип койгон жерден унаанын ачкычына эптеп жеткен. 

Бөбөк унааны от алдырып, жакынкы май куюучу бекетке чейинки 2 чакырымга жакын аралыкты өткөн. Ал жерден астынан полиция кызматкери чыгып калган. Полициянын капитаны өмүрүндө биринчи жолу мынча жаш айдоочу көрүп жатканын белгилеген. 

Бул окуядан адамдар жабыркаган эмес, бирок Свенсон  бир нече почта ящигин талкалап, кошуналарынын короосундагы бакты сүзүп, ал жерге унаанын бамперинин бир бөлүгү түшүп калган.

Күбөлөр унаа саатына 24 чакырым жүргөнүн айтышууда. Ошондой эле бала коопсуздук курун тагынган эмес. Эми баланын үйүндөгүлөр унаанын ачкычын катып калышканын айтышат.