05.11.2018 17:36

АКШда жаңы үйлөнгөн жубайлар үлпөт тойдон кетип баратып каза табышты

АКШда  жаңы үйлөнгөн жубайлар үлпөт тойдон кетип баратып каза табышты

АКШнын Техас штатында жаңы үйлөнгөн жубайлар үлпөт тойдон кетип баратып, каза табышты. Алар түшкөн тик учак дөбөнү сүзүп, талкаланган. Бул туурасында Daily Mail басылмасы билдирди.

Хьюстондогу университеттин студенттери Уилл Бейлер менен Бейли Акерман үйлөнүү үлпөтүн ишемби күнү күйөө болчу жигиттин үй-бүлөсүнүн Мел Блаф паркынан анча алыс эмес жерде жайгашкан фермада  өткөрүшкөн. Той аяктаар менен жаш жубайлар фермадан тик учак менен кетишкен. Бирок, коноктордон 2 чакырым узагандан кийин аба кемеси дөбөнү сүзгөн. 

Порталдын маалыматына караганда, тик учактын ичинде жаңы үйлөнгөн жубайлар жана учкуч гана болгон. Таң заардан куткаруучулар аймактан тик учактын сыныктарын жана каза тапкан үч адамдын сөөгүн табышкан.