27.06.2019 10:00

АКШда өспүрүм бир туугандарын өрттөн сактап калды

АКШда өспүрүм бир туугандарын өрттөн сактап калды

АКШнын Жорджия штатынын Клейтон округунда 16 жаштагы өспүрүм өрттөн төрт бир тууганын сактап калды, алардын бири майып арабасында отурган. Бул туурасында  WSB-TV билдирди.

Ал өз бөлмөсү өрттөнүп баштаганын көргөндө жумушта жүргөн апасы Кришандл Гейтерге (Chrishandle Gaither) чалган. 

Гейтер телефондон уулу 13 жаштагы инисине башка бир туугандарын ойготуп, үйдөн чыгып кетүүнү тапшырып жатканын уккан. Ушул моментте Уокер майыптар арабасында отурган Жакариге чуркаган. 

«Мен ага жетиш үчүн жалындын үстүнөн секирип өтүүгө туура келди, - деп эскерет өспүрүм.- Жеткенде шаймандардан бошотуп, креслодон алып чыктым».

Өрттөн үй-бүлөнүн эки ити өлгөн, таш бакалары аман калган. Эне-балдар эң зарыл буюмдарды алуу үчүн элден акча жыйнап башташты.