10.03.2020 11:15

Активист: "Зомбулукка каршы" митингинин катышуучуларына милициядан чалып, коркутушууда

Активист: "Зомбулукка каршы" митингинин катышуучуларына милициядан чалып, коркутушууда

“Зомбулукка каршы” митингинин катышуучуларына укук коргоо органдарынан телефон чалышып, “бир нече суроо берүү үчүн” жолугушууга чакырып жатышат. Бул тууралуу активист Айбек Бараташвили өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Айтымына караганда, бүгүнкү күнгө белгиленген тынчтык акциясынын катышуучуларын митингге чыкпай коюууга чакырып жатышат. Алардын ата-энесине чейин чалышып, коркутушууда.

 «Айымдарды зордук-зомбулуктан коргоо боюнча иш-чараны бардык ыкмалар менен токтотууга аракет кылып жатышат. Достор! Колдоп бергиле! 12:00гө митингге чыгып бергиле, болбосо мындан да жаман болот!» - деп билдирет активист.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы дагы бүгүн боло турчу митингде чагымчылдар чыгышы мүмкүн деп эскертишти.

Бүгүн, 10-мартта Бишкекте 8-март күнү камалган айымдарды колдоо максатында митинг өтөт. Акцияны “Зомбулукка каршы” деп аташкан. Ал саат 12:00дө Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелиги алдында башталат.