14.05.2018 16:35

Активисттер муфтийдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда

Активисттер муфтийдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда

Коомдук активисттер муфтий Максат ажы Токтомушевдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Бул тууралуу алар бүгүн,14-майда Бишкекте болгон маалымат  жыйынында билдиришти.

 Алардын айтымында, муфтий Мусулмандар диний башкармалыгындагы  коррупциялык иштерди токтото албай жатат.

“Мисалы, азыр ажыга бара тургандарга топ башчыларды тандоо жүрүп жатат. Бизге белгилүү болгондой ал жерге тааныштарын гана алып жатышыптыр. Баардыгы болуп 160 орун болсо Максат ажы жеке өзү 50 орунду бөлүштүрөт”,-деп билдирди  укук коргоочу Келдибек Аскаралиев.

Анын айтымында, бул маселенин коррупциялашып кетиши - эмгек акыга байланыштуу. 

«Топ башчыларга барып-келгени үчүн 2 миң долларга жакын акча төлөнөт. Биз ошондой эле. ажылыкка кетчү чыгымдарды муфтият ачык эсептеп берүүсүн талап кылабыз. Эмне үчүн анын баасы 2 миң 850 долларды түзөт? Негизги сумма авиабилеттерди сатып алууга жумшалаары белгилүү. Калган акчалар кайда кетет?» — деп суроо салат Келдибек Аскаралиев.