01.02.2019 11:08

Ала-Букада чатырда окуп жаткан окуучулар мектепке кайтарылды

Ала-Букада чатырда окуп жаткан окуучулар мектепке кайтарылды

Ала-Бука районунун Ажек айылынын мектеп окуучулары мындан ары чатырда окубайт. Бул туурасында Билим берүү министрлигинен билдиришти. 

Мекеменин маалыматына караганда, аталган айылдын №20 мектебинин бардык окуучулары бүгүнтөн тартып, мектеп имаратында окуп башташты. Райондук билим берүү бөлүмүнөн 22 окуучуну чатырда окутуу чечимин жергиликтүү бийликтин сунушу менен кабыл алгандыктарын билдиришкен. Мындай жол менен алар окуучулардын эрте жарыкта үйлөрүнө кайтып барышына шарт түзгүлөрү келген. 

Министрлик Ала-Бука райондук билим берүү министрлигине сабактардын тизмегин окуучулар чатырда окубагандай кылып түзүп берүүнү тапшырды. 

Андан сырткары, Билим берүү министрлиги Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Ажек айылына жаңы мектеп курууну 2019-жылдын тизмесине киргизүүнү сунуштады.