06.07.2018 10:10

Ала-Букада жеке ишкердин салыгын азайтып берген ага инспекторго карата кылмыш иши козголду

Ала-Букада жеке ишкердин салыгын азайтып берген ага инспекторго карата кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун салык кызматкерлери бир ишкананын салыгынын суммасын азайтып койгону аныкталды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Каржы полициясынын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районундагы район аралык бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чаралары учурунда Мамлекеттик салык кызматынын Ала-Бука району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери мамлекет казынасына ири өлчөмдө зыян келтирилген учурду аныкташты.

Тактап айтканда, Мамлекеттик салык кызматынын Ала-Бука району боюнча башкармалыгынын ага инспектору салыктык текшерүү учурунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып,  КНС боюнча каттоонун жокко чыгарылганын шылтоо кылып «К.И.» ишканасынын кошумча нарк салыгынын көлөмүн азайтып берген.   

Мындай жол менен салык башкармалыгынын кызматтык адамынын мыйзамсыз иш-аракеттери мамлекет казынасына ири өлчөмдө зыян алып келген. 

Бул иш боюнча 307-берене (менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык-уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.