26.09.2019 12:54

Аламүдүн райадминистрациясында Кой-Таш боюнча мамкомиссиянын жыйыны өтөт

Аламүдүн райадминистрациясында Кой-Таш боюнча мамкомиссиянын жыйыны өтөт

Бүгүн, 26-сентябрда Аламүдүн райондук администрация имаратында Кой-Таш окуяларын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны өтөт. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагында КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

«Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү айыл тургундары менен жолугууну көздөп жатышат. Бирок, бизге жеткен маалыматтар боюнча жергиликтүү бийлик дүжүр адамдарын чогултуп жатыптыр, ал эми укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринен чындап жабыркагандарды чакырышпаптыр», -деп билдирет Жолдубаева.  

Маалыматка караганда, көчмө жыйын саат 15:00 башталат.