29.05.2019 10:27

«Ала-Тоо» аянтына Инстаграмдагы аккаунтун жазып кеткен жаран изделүүдө

«Ала-Тоо» аянтына Инстаграмдагы аккаунтун жазып кеткен жаран изделүүдө

Бишкек мэриясы «Ала-Тоо» аянтына жазып кеткен белгисиз бейбашты издеп жатат. Өткөн түнү ал аянтта төшөлгөн плиталардын 2-3 жерине жана тепкичке: 3-4 жерге «_dan4o_x » деген жазууну калтырып кеткен. 

Мэриянын айтымында, «Тазалык» ишканасынын жумушчулары таң аткандан бери ээнбаш шаар тургуну калтырган изди жууп кетирүү менен алек. Бул жазуу анын Instagram социалдык тармактагы аккаунту болушу мүмкүн. 

Калаа мэриясы шаар милициясынан ээнбаш уланды таап, мыйзамга ылайык жазалоону суранат.