17.01.2019 11:41, Аман Бакиров

«Ала-Тоо» аянтында митингге чогулгандар бийликке 3 талап коюшууда

«Ала-Тоо» аянтында митингге чогулгандар бийликке  3 талап коюшууда

Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында бүгүн кытайларга каршы митинг саат 11:00гө  жакын КР гимнин аткаруу менен башталды. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, митингге 200гө жетпеген киши келди. Модератору катары жарандык активист Аманбол Бабакулов чыкты. Митингдин уюштуруучулары бийликке 3 талап коюп жатышат:

1. Этникалык кыргыздардан башка чет элдик жарандарга жарандыгын берүүгө мораторий киргизүү;

2. Кыргызстандагы бардык кытайлыктар ачкан завод, мекеме, ишканалардын баарын текшерүү үчүн мамлекеттик деңгээлде атайын комиссия түзүү;

3. Кытай тарабынан берилген насыяга берилген акчалардын чоо-жайын такташтыруу, эгер аларды мамлекеттик чиновниктер жеген болсо, аларды кустуртуп, мүлктөрүн тартып алуу менен Кытайдын карызынан кутулуу. 

Митинг өтчү жерге бийлик өкүлдөрүн чакырышкан. Биринчи Май райондук администрациянын жетекчиси келип, митингге катышуучулардан эч нерсе сындырбоону, таштанды ыргытпоону суранды. Андан тышкары, ТИМдин Консулдук департамент кызматынын башчысы келип, Кыргызстан канча кытай жараны бар экени тууралуу маалымат берди. Учурда митинг суроо-жооп иретинде өтүп жатат.

Кечээ уюштуруучулар мэриядан митингди саат 13кө чейин өткөрүүгө уруксат алышкан. Митингде «Жети дубандын ынтымагы»,  «Элдин кошуун» кыймылдарынын өкүлдөрү жүрүшөт.