17.08.2018 13:32

Алайда Гүлчө-Бүлөлү ички чарбалык унаа жолу сел калдыктарынан тазаланды

Алайда Гүлчө-Бүлөлү ички чарбалык унаа жолу сел калдыктарынан тазаланды

Гүлчө-Бүлөлү ички чарбалык унаа жолу сел калдыктарынан тазаланып, бир тараптуу ачылды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. 

Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айыл аймагынын Көл-Чаты айылында 2018-жылдын 14-август күнү саат 22:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.

Ал айылдагы 3 турак үйдүн мал сарайын жана Гүлчө-Бүлөлү ички чарбалык унаа жолунун 40-чакырымын каптаган. Унаа жолдорду тазалоого 2 жүктөгүч тартылган. 

16- август күнү тартылган күчтөрдүн аракетинде унаа жол бир тараптуу тазаланды, жол каттамы ачык. Бүгүн, 17-август күнү кеңейтүү иштери жүргүзүлөт. Ал эми жергиликтүү тургундар тарабынан 3 турак үйдүн мал сарайлары сел калдыктарынан толук тазаланган.