20.07.2018 07:32

Албек Ибраимов 29-августка чейин УКМКнын тергөө изоляторунда кармалат

  Албек Ибраимовдун иши (5 материалов)
Албек Ибраимов 29-августка чейин УКМКнын тергөө изоляторунда кармалат

Бишкектин мурунку мэри  Албек Ибраимов 29-августка чейин УКМКнын тергөө изоляторунда кармалат.  Мындай чечимди 19-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев соттун чечимине каршы арызданаарын билдирди. 

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чукул жыйын өткөрүп, жыйынга келген 40 депутат бир добуштан Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө «макул» деп добуш берген. Депутаттардын мындайга барышынын бир себеби 7-июлда УКМК тарабынан биринчи вице-мэр Ренат Макеновдун камакка алынышы болгон. Макенов Бишкекте жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө жеке жактарга колдонууга берүү фактысы менен козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында кармалган. Биринчи май райондук соту ага карата тергөө бүткүчө УКМКнын тергөө изоляторунда камакта кармап туруу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, кечээ, 19-июлда Бишкек мэри камакка алынган. УКМКнын басма сөз кызматы жөнөткөн маалыматта Башкы тергөө башкармалыгы иликтеп жаткан бир нече кылмыш иштерге Албек Ибраимовдун тиешеси бар болушу мүмкүн экени жазылган. Тактап айтканда, Ибраимов жогорулатылган баада атайын шаймандарды сатып алуу менен «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектелип жатат. Ошондой эле, тергөө Албек Ибраимов  «Дастан» ишканасын жетектеп турган кезде шаймандарды жеткирүүчү компаниядан акчалай сыйлык катары 270 миң доллар алган деген айыптарды тагууда.