Албек Ибраимов Бишкек мэри кызматынан бошотулду

  Мэрге ишеним көрсөтпөө (5 материалов)
Албек Ибраимов Бишкек мэри кызматынан бошотулду

Албек Ибраимов Бишкек мэри кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Бишкек шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтпөө чечимине байланыштуу Ибраимов Албек Сабирбекович премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тийиштүү буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулду. 

Эскерте кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чукул жыйынга чогулушуп, мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Сессияга келген 40 депутат бир добуштан колдошкон.

Бүгүн, 19-июлда УКМК Албек Ибраимовду бир нече кылмыш иштерге шектүү катары камакка алганы белгилүү болду.