09.12.2019 12:18

Мамлекеттик айыптоочу Кулматовду 15 жылга, Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратууну суранууда

Мамлекеттик айыптоочу Кулматовду 15 жылга, Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратууну суранууда

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурунку калаа башчылар Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иштери боюнча соттук отурум уланууда.

Мамлекеттик айыптоочу Кубанычбек кулматовду күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону өтүндү. Анын үстүнө эки жылга мамлекеттик кызмат ээлегенге укугунан ажыратууну суранды.

Ал эми Албек Ибраимовго прокуратура 20 жыл, үй-мүлкүн конфискациялап, 3 жыл мамлекеттик кызматтарды ээлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну суранууда.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолууда.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең УКМКнын тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып келишет.

Эске салсак, 4-ноябрда сөз экс-мэрлерге берилген. Бирок экөө тең сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартып, «негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек» деп билдиришкен.