05.03.2020 13:28

Айымдардын укугун коргон жөө жүрүш өтпөй калабы? Бийлик митинг, акцияларга тыюуу салууда

Айымдардын укугун коргон жөө жүрүш өтпөй калабы? Бийлик митинг, акцияларга тыюуу салууда

Бишкекте 8-мартка карата белгиленген жөө жүрүш өтпөй калышы мүмкүн. Айымдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулукка каршы акция “Бишкек феминисттик демилгелер” биримдиги тарабынан Facebook-баракчасына жарыяланган.

Бирок, жөө жүрүштүн уюштуруучулары кабарлагандай, шаардык бийлик тынч акцияга каршы чыгууда.

Жөө жүрүштүн катышуучусу Жанна Араева маалымдагандай, күн мурун, 4-мартта Биринчи май райондук администрация борбор калаада бардык митинг жана тынч акцияларды тыюуу боюнча арыз жазган. Маселе бүгүн саат 14:00дө каралат.

Күн мурун, 4-мартта өкмөт Кыргызстандагы маданий-массалык иш-чараларды коронавирустун айынан токтото туруу чечимин кабылдаган.

Эске салсак, өткөн жылы айымдардын жөө жүрүшү жаңжал менен коштолгон. Анда Кырк-Чоро уюму айымдардын укугун коргоо деген атты жамынып, өлкөдө гей-парад уюштурушту деп жөө жүрүштү айыптап чыгышкан.