10.03.2020 12:28

Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш милиция кызматкерлеринин 8-марттагы айымдарга көрсөткөн жоругун кескин сындады

Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш милиция кызматкерлеринин 8-марттагы айымдарга көрсөткөн жоругун кескин сындады

Бүгүн, 10-мартта Кыргыз өкмөтүнө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш атайын билдирүү таратты.

Анда алар кыз-келиндерге карата зомбулуктун бардык түрүн, айрым милиция кызматкерлеринин 8-мартта зордук-зомбулукка каршы жүрүшкө чыккандарга жасаган мамилесин айыптап чыгышты.

“Зомбулуктун бардык түрлөрүнө жол бербөө жөнүндө калктын түшүнүгүн кеңейтүү жана үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукка карата сабырсыздыкты көрсөткөн өлкө боюнча «үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы 180 күн» маалымат кампаниясы жүрүп жатат, зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис чаралардын комплекси бекитилип, медиаплан даярдалды”, - деп айтылат кайрылууда.

Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш 2012-жылы түзүлгөн. Анын максаты – гендердик өнүгүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, жүзөгө ашырууну координациялоо.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар анны узгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.