20.07.2018 17:14

Албек Ибраимов: Бишкектин мурунку калаа башчысын каралоо кампаниясынын хронологиясы

УКМК тарабынан кармалганы тууралуу маалыматы чыккандан көп өтпөй эле Албек Ибраимов ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланды. Тиешелүү буйрукка кечээ өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Белгилей кетсек, 13-июлда Борбор калаанын депутаттары шашылыш жыйынга топтолуп, жетекчиге ишенбөөчүлүк келтиришкен болчу. Алар кабыл алган токтом ошол эле күнү премьер-министрге жөнөтүлгөн. Мухамедкалый Абылгазиев Грузияга болгон сапарынан кайткан соң эл өкүлдөрунун чечимин жактырып, отставка маселесине чекит койду.

Негизинен Ибраимовду кызматтан кетирүү аракеттери жылдын башынан бери көрүлүп келет. Маал-маалы менен же митингдер уюштурулуп, иш козголуп, жасаган аракеттери сынга алынып, мүлкү тууралуу да кээде апыртылган маалыматтар таратылып жатат.